Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Электр энерегетикасы жөнүндө» Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Электр энерегетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзам алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичи бар болсо электр энергиясын алдын ала төлөө же контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын алдын ала төлөө жолу менен эсептешүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү киргизилген. Ошону менен бирге, турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары, заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо электр энергиясын берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулаарын аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 16-февраль