Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Түлөгабылов Нурбек Мукашевич Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 19-февраль