Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Кол коюлган мыйзам менен киргизилген толуктоого ылайык, кесиптик орто же кесиптик жогорку билимге ээ болбогон адам аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 19-февраль