Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Ал аталган мыйзамдардын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Ошентип, түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына киргизилүүдө:

-         «Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу»;

-         «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;

-         «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө»;

-         «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө»;

-         «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

2013-жыл 20-февраль