Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана патенттик негиздеги салыктарды администрациялоо кызматын (эсеп жүргүзүү, чогултуу, өндүрүп алуу жана контролдоо) ыйгаруу болуп саналат.

Кол коюлган мыйзам Салык кодексин жаңы 52-1 беренеси менен толуктайт (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери), ошондой эле ага бир катар түзөтүүлөрдү киргизет: 50-беренеге (Салык кызматы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары), 108-беренеге (Рейддик салык контролу), 112-беренеге (Салык посту) жана 131-беренеге (Салык кызматы органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракети).

Кабыл алынган мыйзам менен Салык кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары – ЖӨБ) жергиликтүү салыктарды жана милдеттүү жана өз ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салыкты чогултуу боюнча кызматтарды өткөрүп берүү каралат. Бул үчүн ЖӨБ органдарына жана алардын кызмат адамдарына тийешелүү укуктар жана милдеттер ыйгарылат, ошол эле учурда алардын салыктарды чогултуу боюнча ишин салык кызматынын органдары контролдоп турушат.

ЖӨБ органдарына аталган мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды этаптар боюнча жөнөтүү мөөнөттөрүн жана салыктардын түрлөрүн Өкмөт “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 20-февраль