Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты мыйзамдарды аткаруу бийлик органдарынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө жана Мамлекеттик салык кызматына этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча иш кызматтарынын өткөрүлүп берилишине ылайык келтирүү болуп саналат.

Ошентип, төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

1) Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске, Мамлекеттик салык кызматына администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана администрациялык жаза-чара колдонуу укугун берген. Ошол эле учурда 534-2 беренеси күчүн жоготту деп табылат, 535-берененин жаңы редакциясы берилген (Салык кызматынын органдары) жана 556-1 беренесинде каралган айрым ченемдер өзгөртүлгөн (Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары).

2)"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" мыйзамдын 1-беренесине салык кызматынын органдарынын иш кызматтарын толуктоо боюнча.

Муну менен аталган ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоо  салык кызматына ага өткөрүлүп берилген иш кызматтарын жана ыйгарым укуктарын толук көлөмдө аткарууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 21-февраль