Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Абдулда Суранчиев ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-февралында,  Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу менен Суранчиев Абдулда Шергазиевичти Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы ошол эле Жарлык менен А.Ш. Суранчиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын  ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тапшырды.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Атаханов Шамил Есенжанович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматынан бошотулду.

2013-жыл 22-февраль