Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында  кабыл алынган.

Ал  “Мамлекеттик статистика жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамын  жакшыртууга жана анын айрым жоболорун тактоого багытталган. Мыйзам  бардык баскычтагы пайдалануучуларды сапаттуу жана ырасталган статистикалык маалымат менен пайдаланууга багытталган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын  составдык бөлүгү катары эсепке алуу жана расмий статистика  тармагындагы  бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негизин  бекемдейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2013-жыл 25-февраль