Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында  кабыл алынган.

Ал архивдик мекемелердин ишмердигин мындан ары жакшыртууга, мекемелерде сакталган документтерди  иштетүүнү, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү өркүндөтүүгө багытталган.

Аталган максатта  мыйзам “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана “Документтердин милдеттүү нускалары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 25-февраль