Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзам Салык кодексинин 334-беренесинин 8-бөлүгүнө (Жер салыгынын салык төлөөчүсү) толуктоо киргизген. Ага ылайык, “айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат”. Ошону менен бирге, 334-берененин 5 жана 7 бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген, ал эми 334-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  30  календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 22-февраль