Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ош облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды, конкурстук тандоодон облсоттун иштеп жаткан 4 судьясы өттү. Бул болсо штаттагы судьялардын 26,6%ын түзөт.

Жаңы 6 судья келди, алардын ичинен 2 мурда сот системасында иштеген эмес. 10 судьянын арасынан 4 судья же 40%  аялдар түздү.

Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине 2013-жылдын 15-февралында 15 талапкерди Ош облустук сотунун судьялыгына дайындоо боюнча сунуш киргизген.

Материалдарды карап чыгып жана  ар бири менен өткорүлгөн аңгемелешүүлөрдүн негизинде, мамлекет башчысы  сунушталган 5 талапкердин материалдарын Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо боюнча кеңешине кайра  кайтарып берип, 10 талапкер боюнча макулдугун берди.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен, конкурс менен тандалган 10 талапкер, 2013-жылдын 22-февралынан тартып жергиликтүү соттордун судьялары болуп Конституцияга ылайык мөөнөткө дайындалышты.

Конкурстук тандоону өткөн 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, судья болуп, биринчи жолкусунда 5 жылдык мөөнөткө дайындалды:

- Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович;

- Аширбаев Исламидин Маматович;

- Каримова Рахат Абдылдаевна;

- Кубатов Айвар Эсенкулович;

- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;

- Масабирова Тарифа Жаанбаевна;

- Салиев Калыгул Абдылдаевич;

- Токтомушев Мамасалы Мырзашевич;

- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович;

- Эгембердиева Аида Ураимжановна.

Экинчи жарлык менен жергиликтүү соттордун дайындалган 10 судьясы, 2013-жылдын 22-февралынан тартып ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облустук сотуна жиберилди:

- Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович;

- Аширбаев Исламидин Маматович;

- Каримова Рахат Абдылдаевна;

- Кубатов Айвар Эсенкулович;

- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;

- Масабирова Тарифа Жаанбаевна;

- Салиев Калыгул Абдылдаевич;

- Токтомушев Мамасалы Мырзашевич;

- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович;

- Эгембердиева Аида Ураимжановна.

Үчүнчү жарлык менен Ош облустук сотунун иштеп жаткан судьялары толук курамында (14 судья) 2013-жылдын 22-февралынан тартып облустук сотунун судьялары кызматынан бошотулду:

- Аширбаев Исламидин Маматович;

- Бакирова Нургүл Жакыповна;

- Галиева Жаркынай Душаевна;

- Жээнбеков Жанышбек Токтоматович;

- Жумаев Жыргалбек Канаватович;

- Кадыров Канатбек Садырович;

- Каримова Рахат Абдылдаевна;

- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;

- Маматалиев Калдар Саттарович;

- Тилебалиев Акынбек Казыбекович;

- Токтомушев Мамасалы Мырзашевич;

- Тургумбаев Кокон Апишович;

- Усубалиев Бакыт Токтогазиевич;

- Чикиев Таалайбек Дуйшенкулович.

Төртүнчү жарлык менен Ош облустук сотуна ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилген башка жергиликтүү соттордун 4 судьясы 2013-жылдын 22-февралынан тартып тиешелүү жергиликтүү соттордун судьялары кызматтарынан бошотулду:

 - Кубатов Айвар Эсенкулович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Ош облусунун Чон-Алай райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;

- Салиев Калыгул Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;

- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;

- Эгембердиева Аида Ураимжановна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

2013-жыл 25-февраль