Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Россия Өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жанаэксплуатациялоо жөнүндө макулдашуулар ратификацияланды

2013-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 21-февралында кабыл алган

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Россия Федерациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө билдирүү  милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 26-февраль