Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алисбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министринин кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Т. Алымкулов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

“Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министринин кызмат ордунан бошотулсун”.

2013-жыл 26-февраль