Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «И.К. Жунусов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

“Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Жунусов Ибрагим Кожоназарович Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин кызматынан бошотулсун”.

 

2013-жыл 26-февраль