Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Элдик апрель революциясынын күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

2013-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, «7-апрель - Элдик апрель революциясынын күнү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек, Ош шаарларында жана башка шаарларда иш-чараларды өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү.

Уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт.

Уюштуруу комитетине иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу милдети тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Элдик апрель революциясынын күнү өткөрүлүүчү иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүгө тийиш.

 

2013-жыл 5-март