Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Максут Аданбаев мөөнөтүнөн мурда Баткен облустук сотунун төрагасынын кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, медициналык комиссиянын  корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жөндөмсүздүгүнөн улам Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Аданбаев Максут Аданбаевич мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынан кызматынан жана Баткен облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 5-март