Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун үч судьясы өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу  жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыккка ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кенешинин сунушу боюнча 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүлөр бошотулду:

- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Султаналиев Муслим Ишекеевич - Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Шерматов Мырзамат Ташиевич - Кыргыз Республиксынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

2013-жыл 5-март