Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү жөнүндө буйрукка кол койду

Бүгүн, 2013-жылдын 11-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төмөнкүдөй мазмундагы буйрукка кол койду:

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен шайлоо процессиндеги проблемалардын, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтердин анализин жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча алдын ала рекомендацияларды даярдасын.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2013-жылдын апрелиндеги кезектеги жыйналышынын күн тартибине Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына зарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүү маселелери киргизилсин”.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлдү. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү шайлоо системасын өркүндөтүү Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлөрүн белгилейт. Мыйзамдардагы жана шайлоо жол-жоболорунун өзүндөгү көйгөйлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин анализдеп чыгуу зарыл. Улуттук кеңеш бул анализди карап чыгары жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн концептуалдык багытын кабыл алары, ошондой эле Шайлоолор жөнүндө кодекске, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына конкреттүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыга турган жумушчу топту түзөрү белгиленүүдө. Бул иш узак мөөнөткө белгиленген жана Кыргызстанда таза жана адилет шайлоолорду өткөрүүгө багытталган.

 

2013-жыл 11-март