Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарына кол коюлду

2013-жылдын 11-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төмөндөгү мыйзамдарга кол койду:

- “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзам;

- “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзам;

- “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам.

Бул мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 31-январында кабыл алган.

Мыйзамдардын максаты климаттын өзгөрүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык айрым жоболорду өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук камсыздоо болуп саналат.

Бул мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 12-март