Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

2013-жылдын 11-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 31-январында кабыл алган.

2009-жылы Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттиктин жоюлушуна байланыштуу ал кезде колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө” КР мыйзамы күчүн жоготкон.

КР Президентинин 2010-жылдын 17-августундагы № 131 Жарлыгынын негизинде ИИМ жана Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн базасында Баңги заттарды контролдоо боюнча КР мамлекеттик кызматы (мындан ары – БКМК) түзүлгөн.

БКМКнын Өкмөттүн карамагына өткөрүп берилишине байланыштуу Өкмөттүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 токтому менен КР Өкмөтүнө караштуу БКМК жөнүндө жобо бекитилген.

Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин жана аталган чөйрөдөгү коомдук мамилелер комплексин укуктук камсыздоо максатында КР Өкмөтү ушул мыйзамдын кабыл алынышын демилгеледи.  

Жалпысынан, Президентке кол коюуга келип түшкөн мыйзамдын негизги жоболору мурда күчүн жоготкон мыйзамдын жоболорун ыйгарым укуктуу органдын отчёттуулугу, жетекчини дайындоо тартиби сыяктуу бир катар айрым жоболорундагы өзгөртүүлөр менен кайталайт.

Кабыл алынган мыйзам баңги заттардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча органдын милдеттерин, укуктук статусун бекитет жана дене күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу чараларынын негизин жана тартибин, бул органдын кызматкерлерин социалдык коргоону, каржылык жана материалдык-техникалык камсыздоону ж.б. жөнгө салат

Ошентип, мыйзам баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине мыйзамдык негиз түзүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 12-март