Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүүжөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-февралында кабыл алган.

Ал Салык кодексинин КР аймагына импорттолуучу технологиялык жабдууларды жана ферроэритүүчү мешинин элементтерин жеткирүүнү КНС төлөөдөн бошотууну караган 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна (импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу) толуктоо киргизет.

Мыйзам Таш-Көмүр шаарында ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча Кыргыз ферроэритүүчү заводун куруу долбоору боюнча инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул иш Өкмөттүн 2007-жылдын 23-августундагы №360 “Кыргыз Республикасында ферроэритүүчү заводун куруу жөнүндө” токтомуна ылайык жүзөгө ашырылууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн   тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2013-жыл 19-март