Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүүжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 14-февралында кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын бардык жарандары бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусун караган жалпы салык декларациялоосун киргизүүнүн мөөнөттөрүн жылдырууга багытталган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүүжөнүндө» Мыйзамдын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө өзгөртүү киргизет. Ага ылайык Салык кодексинин 92-беренесинин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча талабы КРнын бардык жарандарына 2015-жылдан баштап таркатылат (колдонуудагы мыйзамда бекитилгендей 2012-жылдан эмес).

Жалпы салык декларациялоосун киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу объективдүү реалдуулуктан улам келип чыгууда. Бүгүн калктын кеңири катмары жана мамлекеттик салык кызматы мындай жаңылыктын киргизилишине даяр эмес. Маалыматтык, методикалык жана уюштуруу мүнөзүндөгү кеңири масштабдуу иш чараларды тыкыр даярдоо жана ишке ашыруу, ошондой эле  бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу жол-жоболору боюнча Кыргызстан жарандарына максималдуу ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу жана декларацияларды кабыл алып, иштеп чыгып жана анализдөөгө салык кызматынын толук даяр болушу үчүн белгилүү убакыт талап кылынат.   

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  15 күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

 

2013-жыл 19-март