Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Азербайжандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы cалыктар жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2013-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы тууралуу азербайжан тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 22-март