Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ысык-Көл облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Анда конкурстук тандоодон облсуддун иштеп жаткан 3 судьясы өттү, бул облустук соттун штат боюнча судьяларынын (12) чейрегин (25%) түзөт.

Мурда сот тутумунуда иштебеген алтоону кошкондо, жаңы 7 судья келди. 10 судьянын 3өө же 30% аялдар.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине 2013-жылдын 11-мартында Ысык-Көл облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 12 талапкер боюнча сунуштарды киргизген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунуш кылынган 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 10 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен конкурс менен тандалып алынган 10 талапкер Конституцияга ылайык 2013-жылдын 20-мартынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

- Акматов Таалайбек Калыбекович;

- Алиева Гүлкайыр Сакешовна;

- Асаналиев Жолдош Асанакунович;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Досмамбетов Азизбек Анарбекович;

- Жаныбеков Медер Жаныбекович;

- Молдакунов Айбек Карыбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Шерипов Улан Турганбаевич.

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун дайындалган 10 судьясы 2013-жылдын 20-мартынан баштап Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

- Акматов Таалайбек Калыбекович;

- Алиева Гүлкайыр Сакешовна;

- Асаналиев Жолдош Асанакунович;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Досмамбетов Азизбек Анарбекович;

- Жаныбеков Медер Жаныбекович;

- Молдакунов Айбек Карыбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Шерипов Улан Турганбаевич.

Үчүнчү жарлык менен Ысык-Көл облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (9 судья) кызматынан бошотулду:

- Абакиров Каныбек Шонкоевич;

- Абдыкадыров Акылбек Токтосунович;

- Акназаров Мирлан Тагаевич;

- Асанбаев Болот Султанович;

- Арабаев Манасбек Матаевич;

- Сакеев Дамир Ушурбекович;

- Рыскулова Аида Бекеновна;

- Шамбетова Мира Узбековна;

- Эркебаев Адилет Маматеминович.

Төртүнчү жарлык менен судьялык кызматка дайындалган жана Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген Алиева Гүлкайыр Сакешовна 2013-жылдын 20-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 23-март