Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө”, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө” Жарлыктарга кол койду.

“Кыргыз Республикасынынсудьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрага орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган учурда жаңы судьялар дайындалганга чейин Конституцияга ылайык алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алар ээлеген кызматтарды Конституцияга ылайык дайындалган жергиликтүү соттун жаңы судьясы, төрагасы жана төрага орун басары ээлегенге чейин узартылды деп эсептелинет.  

Жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрага орун басарынын ыйгарым укуктарын узартуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 20-мартындагы жарлыгы менен 2013-жылдын 20-мартынан баштап жергиликтүү соттун мурда 7 жылга дайындалган, ыйгарым укуктарын төмөнкүдөй жүргүзүп жаткан 3 судьясынын ыйгарым укуктары узартылды:

-         Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Жээналиев Марат Субанбековичтин;

-         Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Карабеков Алмаз Маматбековичтин;

-         Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы - Касымбеков Кубанычбек Калыбековичтин;

2013-жылдын 9-апрелинен баштап, мурда 5 жылга дайындалган, ыйгарым укуктарын төмөнкүдөй жүргүзүп жаткан жергиликтүү соттун 2 судьясынын ыйгарым укуктары узартылды:

- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары - Нарынбекова Айсалкын Өмүралиевнанын;

- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы - Токтосунов Тилек Калыковичтин.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 23-март