Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Анда мораторий мамлекеттик же муниципалдык менчикте гана турган жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, аскердик, чек аралык объекттерин жана заставаларын курууга, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) таркалбагандыгы каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-апрель