Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 7-мартында кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын иштерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүүгө максатталган.

Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарыжөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинин (ички иштер органдарында кызмат өтөө) 6-бөлүгүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга тыюу салган жобо менен толуктоо каралган. 

Мындан тышкары ушул эле мыйзамдын 8-беренеси (ички иштер органдарынын милдеттери) ички иштер органдарынын кызматкерлерин тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого милдеттендирген 20-пункт менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-апрель