Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жер кодексине өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасындагы жайыттардын укуктук шарттарын белгилеген Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренесин Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 6-май