Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик кызмат боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декаларциялоо жана жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга жана «Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Мамлекеттик кадр кызматы мыйзам чыгаруучу орган болбогондуктан, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнүн тартиби, ошондой эле декларациянын формасы, аны толтуруу, берүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталары кабыл алынган мыйзамдар менен белгиленет.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчтөрүнө кирет.

«Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декаларциялоо жана жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын тексти >>>.

«Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 13-май