Бүгүн, 2013-жылдын 16-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кытайлык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.