Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖККУ жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрү менен каражаттарынын куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколу ратификацияланды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрү менен каражаттарынын куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына белгиленген тартипте жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргыз Республикасы аткарылгандыгы тууралуу маалымдоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 16-май