Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын
2-главасынын 2.4-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин
2013-жылдын 14-майындагы чечимин аткаруу иретинде, шайлоо процессин өркүндөтүү жана 2015-жылы парламенттик шайлоолорду жана кийинки шайлоолорду ак ниет жана ачык камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы (мындан ары – жумушчу топ) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.

Бардык таламдаш мамлекеттик органдар, саясый партиялар жана жарандык коомдун уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу, жана туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешке сунуштарды киргизүү жумушчу топтун ишинин негизги багыттары катары аныкталсын:

1) 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн ченемдик-укуктук базасын биринчи кезекте оптималдаштырууга басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамын өркүндөтүү;

2) ири саясый бирикмелердин калыптанышына дем берген ченемдерди иштеп чыгууга басым жасоо менен саясый партиялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүү;

3) шайлоочуларды каттоо системасын түзүү, добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессин оптималдаштыруу максатында шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү.

Жумушчу топтун ишинин багыттарын жүзөгө ашыруунун төмөнкүдөй этаптары жана мөөнөттөрү белгиленсин:

1)               I этап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды жана аны бир түрдүү колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалогдун алкагында консультацияларды уюштуруу жана өткөрүү (2013-жылдын май-августу);

2)               II этапкоомдук диалогдун алкагындагы макулдашуулардын негизинде мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин кароосуна киргизүү (2013-жылдын октябрь-декабры);

3)               III этап – мыйзам чыгаруу демилгелерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде эксперттик коштоо
(2014-жылдын январы);

4)               IV этап – шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кароодо жана кабыл алууда эксперттик коштоо (2014-жылдын февраль-апрели);

5)               V этап – калк арасында (өзүнчө пландар боюнча) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын экинчи кварталынын акырына чейин калктын актуалдаштырылган бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүүнү аяктасын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 1-ноябрына чейин:

1) шайлоо процесстери үчүн жабдуулардын, системалардын жана программалык камсыз кылуулардын жарманкесин уюштурсун жана өткөрсүн;

2) жарманкенин жыйынтыгы боюнча шайлоо процессинин ар кандай аспекттерин камсыз кылган, анын ичинде шайлоочуларды идентификациялоо, добуштарды эсептөө процессинин ачыктыгы жана контролдук кылуу боюнча кыйла оптималдуу системаны аныктасын жана жумушчу топко сунуш кылсын.

Жумушчу топ өз ишине өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдарды, эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга; алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн алардан зарыл болгон маалыматтарды жана дайындарды суратууга жана алууга; каралып жаткан маселелерди талкуулоо боюнча конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштурууга укуктуу.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын
өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун

курамы

Нарымбаев Данияр Ильич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси – жумушчу топтун жетекчиси;

Нарматова Надира Азимовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” фракциясы;

Жумабеков Дастанбек Артисбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” фракциясы;

Скрипкина Галина Анатольевна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “КСДП” фракциясы;

Кутушев Абдыманап Орозбаевич                

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “КСДП” фракциясы;

Кулов Феликс  Шаршенбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы;

Кочкарова Эристина Азрет-Алиевна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы;

Бекматов Абдыжапар Гапырович         

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика” фракциясы;

Дыйканбаев Курманбек          Сапарович         

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика” фракциясы;

Алымбеков Эркинбек Жумабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы;

Сапарбаев Жоомарт Рахатович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы;

Исмаилов        Анарбек Касымович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Иминов Махамаджан Саитович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Мельникова Маргарита Павловна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Малабаев Болот Нурбаевич

-

“Ак-Шумкар” саясый партиясы;

Хамзаев Давлет Хамзаевич

-

“Содружество” саясый партиясы;

Мамытов Бекибай Мамытович

-

“Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы;

Касымов Туратбек Мугалимович

-

“Мекен Ынтымагы” саясый партиясы;

Суранова Перизаткан Юлдашалиевна

-

“Замандаш - Современник” саясый партиясы;

Арабаев Автандил Анисович

-

“Улуттар Биримдиги” саясый партиясы;

Сагынбаев Жыргал Калмуратович

-

“Өнүгүү партиясы” саясый партиясы;

Асангалиев      Мирбек Рысбекович

-

“Реформа” саясый партиясы; 

Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

Бекбасаров Рашид Бердибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Журабаева Гульнар Курашбековна

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; 

 

Бакетаев Алмаз Кушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыначылыктын директору;

Лисниченко Валентина Михайловна

-

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Усупбекова Айнура Максатбековна

-

“Таза Шайлоо” Ассоциациясы;

Ошурахунова Динара Мажановна

-

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБсы;

Кочорбаева Зульфия Ирисовна

-

Социалдык технологиялар агенттиги;

Бит-Аврагим Артур Яковлевич

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк боюнча башкармасынын улук прокурору;

Абдуллаев Талант Тынычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфо-Система” Мамлекеттик мекемесинин директору.

 

 

2013-жыл 22-май