Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Электр жана почта байланыш жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

2013-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Электр жана почта байланыш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишмердик жасаган адамдын укукка каршы ишмердигине байланышкан кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында кабыл алынган («Интернет» компьютер тармагында экстремисттик багыттагы материалдарды таркатуу).

«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамдын 40-беренесине байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги киргизилип, экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 23-май