Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» Жарлыкка, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары  жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктарга ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык токтом кылынат:

2013-жылдын 30-майынан тартып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Батырбеков Жаналы Мамытовичтин - Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы;

- Сейдакматова Аида Асанбековна - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 3-июнь