Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» техникалык регламент» Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» техникалык регламент» Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Бул мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укуктарын маркалоо процессинде аларды адаштырууга алып барган иш-аракеттерден коргоого багытталган. 

Мыйзам аларга карата маркалоо жөнүндө милдеттүү талаптар белгиленген техникалык жөнгө салуунун объектилерин;  техникалык жөнгө салуунун объектилерин идентификациялоонун эрежелерин; тамак-аш азыктарын маркалоого жана аны белгилөөнүн эрежелерине карата милдеттүү талаптарды; тамак-аш азыктарынын ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келишине баа берүүнүн эрежелерин жана формаларын карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

2013-жыл 3-июнь