Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы жөнүндө” техникалык регламент” Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасыжөнүндө” техникалык регламент” Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Ал “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамга ылайык азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен адамдардын, айбанаттардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөрдү, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан жана техникалык жөнгө салуу объекттерине колдонуу жана аткаруу үчүн млдеттүү талаптарды белгилейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2013-жыл 3-июнь