Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дене тарбия жана спорт жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Ал дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын төмөнкүлөр боюнча тактоону карайт:

- Өкмөт белгилеген тартипте дене тарбия – ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо; 

- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү;

- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын  атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия – ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 3-июнь