Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Балык чарбасы жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алган.

Ал анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен Ысык-Көлдүн балыктарынын эндемиялык түрлөрүн сактоо максатын көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 3-июнь