Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

2013-жылдын 3-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 “Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер келечекте мамлекеттик структуралар менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн таасирдүү модели болуп калууга тийиш.

Кыргызстан үчүн бул принципиалдуу жаңы институттун торолушунун уюштуруучулук этабы аяктады, коомдук байкоочу кеңештердин ишинин алгачкы дурус натыйжалары алынды. Кыргызстандыктар өздөрүнүн жигердүү жарандык позициясы жана кесиптик тажрыйбалары менен мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде ачыктык жана маалымдуулук принциптеринин сакталышына салым кошо турган аянтча түзүлдү.

Коомдук байкоочу кеңештердин торолушунун жаңы этабында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана түздөн-түз мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен кыйла тыгыз жана макулдашылган иш талап кылынат.

Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын, ошондой эле ушуга байланыштуу алдыда боло турган мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерин калыптандыруунун жана ишинин тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралышын эске алуу менен токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрдагы № 212 “Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгы менен түзүлгөн мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктары 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 4-июнь