Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьялары мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүлөр 2013-жылдын 15-майынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулду:

- Нарынбекова Айсалкын Омуралиевна – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Осмонова Чолпон Омоковна – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 6-июнь