Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мир Досматов мөөнөтүнөн мурда судья кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «М.С. Досматов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Досматов Мир Саякбаевич 2013-жылдын 10-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 6-июнь