Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын аймагында идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу жана мамлекеттик отчетун жүргүзүү үчүн жаныбарларды идентификациялоонун мыйзамдык негизин белгилөө максатын көздөйт.

Мыйзам бодо малды өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - 2014-жылдын 1-апрелинен, жылкылар менен - 2015-жылдын 1-апрелинен, майда мал менен - 2016-жылдын 1-апрелинен, канаттуулар, аарылар менен - 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 7-июнь