Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2013-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган.

Кол коюлган мыйзамга ылайык төмөндөгүлөр каралат:

- КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамында бирден аз эмес орунду парламенттик оппозициядан көрсөтүлгөн талапкерге берүү;

- корпорациянын башкы директорунун шайлануу мөөнөтүн 5тен 4 жылга кыскартуу;

- ага ылайык башкы директор коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлей албай турган ченемди киргизүү;

- корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбей калган учурда, ошондой эле мыйзамдарга ылайык, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен КТРКнын башкы директорун ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча  Байкоочу кеңештин укугун бекитүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 8-июнь