Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Литванын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө литвалык тарапка билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-июнь