Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен АБРдын ортосундагы «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн» экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Финансылык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-декабрында кол коюлган «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн» экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык макулдашуу ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Финансылык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 10-июнь