Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгилинген тартипте билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 10-июнь