Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 14-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Президенттин бир катар чечимдерикүчүн жоготту деп табылды:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 18-январындагы №22 «Бажы органдарынын кызмат адамдарынын атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүшүнүн жана колдонушунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 1-апрелиндеги №71 «Ээлик кылуу ишкердигин коргоо жана контролдоочу органдардын ишин тартипке салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы №289 «Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 9-октябрындагы №305 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө» Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы №208 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө» Указынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 19-июлундагы №236 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 1-октябрындагы «Кыргыз Республикасында ишкердик жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” Указына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 14-июнь