Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2013-жылдын 17-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» Жарлыгына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»  Жарлыкка кол койду.

Жарлык муниципалдык кызматтын майнаптуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууга, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Мурдараак муниципалдык кызматтын бош административдик кызматтарын ээлөөгө аттестацияларды жана конкурстарды өткөргөндө айрым кемчиликтер орун алган. Алсак, мурда колдонулуп келген муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо объективдүү жүргүзүлгөн эмес жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясынын реалдуу деңгээлин тактоого мүмкүндүк берген эмес.

Ушуга байланыштуу муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун тартибин жана жол-жобосун өркүндөтүү боюнча айрым чаралар киргизилген. Эми муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү эмес, тиешелүү деңгээлдеги комиссиялар өткөрүшөт.

Аталган Жарлыктын кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 17-июнь