Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 16-майында кабыл алган.

Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана бул чөйрөдөгү көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын чектөөгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2013-жыл 17-июнь