Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төмөндөгү мыйзамдарга кол койду:
- “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу”;
- “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”.
Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 16-майында кабыл алган.
Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик органдардын энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча жана бул чөйрөдөгү көзөмөлү жана контролу боюнча иш-милдеттерин чектөө максатын көздөйт.
Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамдын тексти >>>.
“Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамдын тексти >>>.